Эрдоган: «Туткун алмашуудагы 200 ысым биздин коногубуз»

Эрдоган Стамбулда туткун алмашууга байланыштуу билдирүү жасады.

1883782
Эрдоган: «Туткун алмашуудагы 200 ысым биздин коногубуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Орусия-Украина туткун алмашуусундагы 200 ысым биздин коногубуз»,-деди.

Эрдоган Стамбулда Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууга байланыштуу билдирүү жасады.

Президент Эрдоган: «(Туткун алмашуу) Булар биздин конокторубуз. Алардын арасында бирөө (Орусиянын президенти Владимир) Путин мырза талап кылган ысым эле. Бул ысымды Орусияга жөнөттүк»,- деди.

Дан коридору процессинин да уланып жатканын белгилеген президент: «Дан коридорунан 4 миллион тоннадан ашык ташуулар болду. Ал дагы деле уланууда. Бул жерде биздин учурдагы маанилүү кадамдарыбыздын бири - Орусиядан келе турчу эгиндер. Азыркылар Украина тараптан келгендер. Муну да баштап, жер семирткичтерди өзгөчө жакыр өлкөлөргө ташысак, аларга да бир топ жеңилдик болот»,- деди.

Кечээ президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 200 туткундун алмашканы белгилүү болгон.



Тектеш кабарлар