Түркиядан Ооганстанга жардам

1000 үй-бүлөгө 100 килограмм ун жана күрүч, май, буурчак, кант, чай сыяктуу азык-түлүктөр салынган 52 килограммдык кутулар таратылды.

1883307
Түркиядан Ооганстанга жардам

Түркия муктаж болгон 1000 ооган үй-бүлөсүнө азык-түлүк жардамын берди.

Ооганстанда тереңдеген экономикалык кризистин терс таасирлерин жоюу үчүн гуманитардык жардамын уланткан Түрк Кызылайы, муктаж болгон 1000 ооган үй-бүлөсүнө азык-түлүк жардамын берди.

Түрк Кызылайы менен Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдору федерациясынын кызматташтыгында ​​берилген азык-түлүктөр Ооган Кызылайынын координациясында борбор шаар Кабулдагы ооган кеңсесинде муктаж болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды. 

Ар бир үй-бүлөгө 100 килограмм ун жана күрүч, май, буурчак, кант, чай сыяктуу азык-түлүктөр салынган 52 килограммдык кутулар таратылды.

Азык-түлүк жардамынан тышкары 150 үй-бүлөгө да акчалай жардам берилди.

Ошол эле учурда Түркиядан Ооганстанга жөнөтүлгөн «Жакшылык поезддери» жардамдарын бөлүштүрүү уланууда.

Аталган поезддер менен барган 7 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам ушул убакка чейин он миңдеген ооган үй-бүлөсүнө жеткирилди.

22-июнда Ооганстандын чыгыш облустарында болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн кеминде 1200 адам каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алган.

Акыркы айларда өлкөнүн чыгыш облустарында болгон сел апаатында болсо жүздөгөн адамдар каза болгон.



Тектеш кабарлар