Эрдогандын дипломатиялык ийгиликтери жаңырууда...

Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы гезиттеринен Нью-Йорк таймста президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттуар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы ассамблеясынын жыйындарында сүйлөгөн сөздөрүнө баа берген кабар жарыяланды.

1883113
Эрдогандын дипломатиялык ийгиликтери жаңырууда...

Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы гезиттеринен Нью-Йорк таймста президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттуар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы ассамблеясынын жыйындарында сүйлөгөн сөздөрүнө баа берген кабар жарыяланды.

Гезитте БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн лидерлердин арасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен француз кесиптеши Эммануэль Макрондун эң көп көзгө урунган ысымдар болгону жана эки лидердин Орусия-Украина кризисинин чечүү аракети баса белгиленди.

Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн жумада Өзбекстанда өткөн акыркы жолугушуусуна да көңүл бурган кабарда, президент Эрдоган орус кесиптеши менен согуш бою жакын мамилесин сактап, согуштун глобалдык кесепеттерин жеңилдетүүгө аракет кылганы, акыркы жолугушууда ал Украинанын жерлеринин кайра кайтарылышы керектигин баса белгилегени кабарланган.

Президент Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө: «Согушта эч качан жеңүүчү болбойт, адилеттүү тынчтык процессинде уттургандар болбойт деп ойлойбуз. Кризистен ишке ашырылышы мүмкүн болгон дипломатиялык процесс аркылуу акылга сыярлык, адилеттүү жол менен чыгууга ардактуу жол керек»,-деп айтканына орун берилген кабарда, «Эрдоган (Украина) дан (экспорт) сүйлөшүүлөрүндө борбордук ролду ойноду» деген көз карашка орун берди.

Кабарда президент Эрдогандын дипломатиялык аракетине жана ийгилигине көңүл бурулуп, Путин менен бир нече ай бою байланышта болгон, бирок эч кандай ийгиликке жете албаганын белгилеген Макрондун «Тынчтыкта ​​роль ойной ала турганын айткан Батыш альянсынын спикери» деп мүнөздөлдү.



Тектеш кабарлар