Эрдогандын БУУдагы жолугушуулары жана сөз сүйлөөлөрү...

Эрдоган жолугушууларын БУУнун 77-Башкы Ассамблеясы өткөрүлгөн Нью-Йорктогу Түркевиде улантты.

1882993
Эрдогандын БУУдагы жолугушуулары жана сөз сүйлөөлөрү...

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен жолугушту.

Эрдоган жолугушууларын БУУнун 77-Башкы Ассамблеясы өткөрүлгөн Нью-Йорктогу Түркевиде улантты.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Австриянын президенти Ван дер Беллен жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен жолугушту.

Эрдоган андан кийин америкалык сенатор Жеймс Риш, Ливандын премьер-министри Неджип Микати жана Британиянын премьер-министри Лиз Трасс менен жолугушту.

Жолугушуулар басма сөзгө жабык өттү.

Андан соң Түркевиде Саясий, Экономикалык жана Социалдык Изилдөөлөр Фонду (SETA) уюштурган тегерек стол жыйынына катышкан президент Эрдоган, Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEIK) Түркия-АКШ Ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган сый тамакта сүйлөгөн сөзүндө болсо Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын терең байланыштары бар эки дос өлкө, шериктеш жана стратегиялык өнөктөштөр экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгынын дүйнөнүн көптөгөн аймактарында тынчтык жана ырааттуулуктун орношуна чоң салым кошконун билдирген Эрдоган, Украинадан Балканга, Жакынкы Чыгыштан Африкага чейинки кеңири географияда энергетикадан азык-түлүк коопсуздугуна чейин көптөгөн темада көз караштары окшош экенин айтты.

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун 77-Башкы Ассамблеясындагы жолугушууларын аяктагандан кийин Түркияга жөнөп кетти.



Тектеш кабарлар