Эрдоган: «Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыкты орнотуу аракеттерибиз уланууда»

Президент Эрдоган АКШга сапарынын соңунда Нью-Йорктогу Түрк үйүндө журналисттерге маек куруп берди.

1883421
Эрдоган: «Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыкты орнотуу аракеттерибиз уланууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыкты орнотуу аракеттерибиз уланууда»,-деди.

Президент Эрдоган АКШга сапарынын соңунда Нью-Йорктогу Түрк үйүндө журналисттерге маек куруп берди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарым-жартылай мобилизация жарыялашы жана Украина-Орусия согушундагы акыркы абал эске салынгандан кийин "Тараптарга кандай жол көрсөтүлсө болот? Путиндин бул жаңы билдирүүлөрү сизди таң калтырдыбы? Акыркы окуяларга кандай баа бересиз? деген суроо боюнча Эрдоган, бул согуштун эки өлкөнүн элине, аймакка жана дүйнөгө тийгизген таасиринин ачык айкын экенин айтты.

Эч кимдин бул кесепетти дагы да күчөтүүнү ойлобошу керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Бирок биз жасаган кадамдарыбызга кубанычтабыз. Мисалы, бүгүн туткундарды алмаштыруу боюнча кадамдар ташталды. Путин жана (Украинанын президенти) Зеленский менен жүргүзгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрүмдүн натыйжасында, Орусия менен Украинанын ортосунда бүгүн 200 аскер туткунунун алмашуусу болду. Түркиянын ортомчулугунда ишке ашкан бул алмашуу, согуштун бүтүшүнө карай маанилүү кадам. Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтыкты орнотуу аракеттерибиз уланууда. Мен Путин жана Зеленский мырзага бул окуяга шарт түзгөнү үчүн ыраазычылык билдирем»-деп айтты.

Эл аралык укуктун алкагында принципиалдуу жана абийирдүү позицияны кармангандарына көңүл бурган Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Түркия башынан эле диалог жана дипломатиянын күчүнө ишенди жана аны далилдөөгө аракет кылды. Түркия диалог жана дипломатиянын күчүнө ишенгендигинин жыйынтыгына ушул туткун алмашуу менен жетишти. Бул бизди өзгөчө кубандырат».

Бириккен Улуттар Уюмунун да ушундай демилгени колго алышы жана маселенин чечилиши үчүн көбүрөөк аракет кылышы керектигин баса белгилеген Эрдоган, сөзүн мындайча улантты:

«Тилекке каршы, Бириккен Улуттар Уюму согушту токтото алган жок, кан төгүүнү токтото алган жок, согуштун натыйжасында пайда болгон энергетикалык жана азык-түлүк кризисине чечим таба алган жок. БУУнун Башкы катчысынын дан коридору боюнча аракеттери БУУга болгон ишенимди бир аз да болсо жаңылады, бирок согушту токтотуу үчүн дагы көп күч-аракет жумшалышы зарыл.

Бул менин эле эмес, бүткүл дүйнөлүк лидерлердин биргелешкен аракеттери менен жасалышы керек болгон процесс. Ар бир адам бул каналды түртүшү керек. Башкача айтканда, Путин мырза менен аздыр-көптүр укуктук байланышы бар адам аны менен талкуулап, бул эшикти ачууга аракет кылышы керек. Зеленский менен да ушундай эле түрдө. Болбосо бул жетекчилерге ар кандай терс мамиле кылуу биз күткөн жыйынтыкты алып келбейт. Тескерисинче бул жердеги өлүмдөр, кыйроолор дагы да көбөйөт деп ойлойм»,-деди.



Тектеш кабарлар