Чавушоглу терроризмдин булагын жок кылуу керектигин айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн Нью-Йоркто болгон Мевлүт Чавушоглу, Глобалдык Террор менен күрөшүү форумунун (TMFK) 12-министрлер отурумуна катышты.

1882970
Чавушоглу терроризмдин булагын жок кылуу керектигин айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, террорду азыктандырган факторлор чечилмейинче террор менен күрөштө жеңүү мүмкүн эместигин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы Ассамблеясынын жыйналыштары үчүн Нью-Йоркто болгон Мевлүт Чавушоглу, Глобалдык Террор менен күрөшүү форумунун (TMFK) 12-министрлер отурумуна катышты.

Чавушоглу сөзүндө терроризмдин өнүгүп жаткан глобалдык чакырык экенин белгилеп, технологияга көбүрөөк жетүүнүн бул аймактагы коркунучту арттырганына көңүл бурду.

Исламофобия жана расизм себептүү ашынган улутчул кол салуулардын да күчөгөнүн баса белгилеген Чавушоглу, аймактык жана секталар аралык тирешүү, сабырсыздык жана алсыз мамлекеттердин террор баяндарына жол ачып жатканын айтты.

Министр Чавушоглу мындай деп улантты: «Терроризмди азыктандырган факторлорду чечмейинче, терроризмге каршы күрөштө жеңишке жетишүү мүмкүн эмес. /…/. Терроризмге каршы күрөшүбүздөгү ийгилик террористтерге коопсуз башпаанек бербөө боюнча биргелешкен аракеттерибизден көз каранды. Тажрыйба бизге терроризмдин диний же этникалык теги жок экенин үйрөттү. Биз терроризмдин бардык формалары жана көрүнүштөрү менен күрөшүшүбүз керек. Кош стандарттуулукка жер болбошу керек».



Тектеш кабарлар