Чавушоглу: «Дан келишими аркылуу глобалдык жеңилдик болду»
Чавушоглу МИКТАнын (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия) тышкы иштер министрлеринин 22-жыйналышында сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: "Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен биргеликте ишке ашырылган Стамбул дан келишими глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам эле. Келишимге кол коюу менен глобалдык жеңилдик болду",- деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясы үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарына барган Чавушоглу Түркиянын кожоюндугунда өткөрүлгөн МИКТАнын (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия) тышкы иштер министрлеринин 22-жыйналышында сөз сүйлөдү.
Сөзүн кесиптештерин Түрк үйүндө тосуп алганы үчүн кубанычта экенин билдирип баштаган Чавушоглу: "БУУ менен ишке ашырылган Стамбул дан келишими глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам эле. Келишимге кол коюу менен глобалдык жеңилдик болду",-деп айтты.
Жыйынга Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау да катышты.