Эрдоган БУУдагы жолугушууларын улантууда

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-жыйналышына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барган Эрдоган жолугушууларын улантууда.

1882461
Эрдоган БУУдагы жолугушууларын улантууда
erdogan bm.jpg
Erdoğan Guterres
Erdoğan Sanchez

Президент Режеп Тайип Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдулла II менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-жыйналышына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына барган Эрдоган жолугушууларын улантууда.

БУУнун Башкы Ассамблеясындагы кайрылуудан кийин Эрдоган БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Финляндиянын Президенти Саули Ниинисто жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушту.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчести кабыл алган Эрдоган, БУУнун Башкы борборунда Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль-Сани, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Түштүк Кореянын президенти Йон Сук Юл, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина Вежид менен баарлашты.

Түштүк Кореянын президенти Йон Сук-Юл президент Эрдогандын НАТОдогу ролун жана лидерлигин баалагандыгын айтты.

Президент Эрдоган Йон Сук-Юл аны өз өлкөсүнө чакырганы боюнча эң жакынкы убакта Түштүк Кореяга сапар жасоону пландаштырганын белгилеп: «Жолугушуубуз керек. Жасай турган көп нерсебиз бар»,-деп айтты.

Эрдогандын Казакстандын президенти Токаев менен сүйлөшүүсү БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш  менен коштолду.

Эрдоган бул жерден чыгып, Иорданиянын падышасы Абдулла II менен Түркевине өттү.

Эрдоган Иорданиянын падышасы Абдулла II менен бул жерде жолугушту.

Кийинчерээк Израилдин премьер-министри Яир Лапид жана Жапониянын премьер-министри Кишида Фумиону кабыл алган Эрдоган,  Эл аралык Футбол Федерациясынын (FIFA) төрагасы Ганни Ифантина менен жолукту.

Япониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кишида Орусиянын Украинадагы кол салууларын «эл аралык тартиптин пайдубалын солкулдаткан зомбулук аракеттери» деп мүнөздөдү.

Кишида Түркиянын кол салууга дуушар болгон эгин экспортун сактап калуудагы активдүү ролун жана «туруктуу дипломатиялык аракеттеринин» мактоого арзырлык экенин айтты.

Жолугушууда эки лидер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өнөктөштүк келишимин тез арада түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашты.

Маектешүүлөр басма сөзгө жабык өттү.

Президент Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүсүнөн кийин Зеленский социалдык медиа эсебинен бөлүшүп: «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Учурдагы коопсуздук көйгөйлөрү талкууланды»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар