Чавушоглунун Нью-Йорктогу дипломатиялык жолугушуулары уланууда

Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-жыйындарына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган.

1882510
Чавушоглунун Нью-Йорктогу дипломатиялык жолугушуулары уланууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу немис, испан, индиялык кесиптештеринен тышкары Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы жана Цивилизациялар альянсынын жогорку өкүлү Мигель Моратинос менен АКШнын Нью-Йорк шаарында жолугушту.

Чавушоглунун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-жыйындарына катышуу үчүн барган Нью-Йорктогу дипломатиялык жолугушуулары өткөн жылы ачылган Түрк үйү имаратында уланууда.

Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха менен жолугушкан Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Ислам Кызматташтык Уюмунун баш катчысы менен исламофобияга каршы ташталышы мүмкүн болгон кадамдарды, саммитке даярдыктарды жана ИКУну реформалоо процесси тууралуу сүйлөштүк»,-деди.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок жана Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар менен да өз-өзүнчө жолугушкан Чавушоглу андан кийин Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Буэно жана Цивилизациялар альянсынын жогорку өкүлү Моратинос менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрдү.

Чавушоглу испаниялык кесиптеши Буэно менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министр Чавушоглу ага чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Черногориянын тышкы иштер министри Ранко Кривокапич жана Болгариянын тышкы иштер министри Николай Милков менен да жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар