Швеция Түркия менен НАТО сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

Ульф Кристерссон, мурдагы премьер-министр Магдалена Андерссонстун катчысы Оскар Стенстремдин Түркия менен НАТО сүйлөшүүлөрүн уланта турганын айтты.

1882147
Швеция Түркия менен НАТО сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

Швецияда  11 -  сентябрда болгон жалпы шайлоодон кийин өкмөттү куруу милдетин алган консервативдик партиянын лидери Ульф Кристерссон, мурдагы премьер-министр Магдалена Андерссонстун катчысы Оскар Стенстремдин Түркия менен НАТО сүйлөшүүлөрүн уланта турганын айтты.

Швеция парламентинин спикери Андреас Норлен тарабынан өкмөттү түзүү үчүн милдеттендирилген Кристерссон өлкөсүнүн Түркия менен НАТОго мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу маалымат берди.

SVT мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда Кристерссон НАТОнун Түркия менен сүйлөшүүлөрүнүн олуттуу түрдө уланып жатканын белгиледи.

Мурдагы премьер - министр Магдалена Андерссонстун катчысы Оскар Стенстремдин башкы сүйлөшүүчү катары сүйлөшүүлөрдү уланта турганын баса белгилеген Кристерссон : «Шайлоо Швецияда өткөндүктөн дүйнөдөгү абалдар токтобой жатат. НАТО маселеси шайлоодон мурда болгондой бүгүн да маанилүү. Сүйлөшүүлөрдүн акырына чейин да бул маселемаанилүү болууну улантат. Андерссонтун секретары Оскар Сенстремге ишенебиз, бул сүйлөшүүлөрдө лидерлик кылуу жөндөмдүүлүгүнө ишенем»,- деди.

Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан НАТОнун Мадрид саммитинде 28 -  июнда үч тараптуу келишимге кол коюлган. Келишимдин алкагында курулган Туруктуу биргелешкен механизмдин биринчи жыйыны да  26 -  августта Финляндиянын Вантаа шаарында өткөн.

 



Тектеш кабарлар