Президент Эрдоган Нью - Йоркто Түрк үйүндө жолугушууларын улантууда
Эрдоган Түрк үйүндө Америкалык еврей жамаатынын негизги мекемелеринин өкүлдөрү жана Ною - Йорктогу түрк жарандары менен да жолугушту.
1882046

Президент Режеп Таййип Эрдоган Йемен Президенттик кеңешинин төрагасы Аль-Алими жана америкалык сенатор Линдси Грэмди кабыл алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77 - жыйынына катышуу үчүн АКШнын Нью - Йорк шаарына барган Эрдоган Түрк үйүндө жолугушууларын улантууда.
Президент Эрдоган Йемен Президенттик кеңешинин төрагасы Аль-Алими менен америкалык сенатор Грэмди кабыл алды. Кабыл алуулар массалык маалымат каражаттарына жабык өттү.
Эрдоган Түрк үйүндө Америкалык еврей жамаатынын негизги мекемелеринин өкүлдөрү жана Ною - Йорктогу түрк жарандары менен да жолугушту.