Чавушоглу Нью-Йоркто эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынына катышуу үчүн АКШга барды.

1882371
Чавушоглу Нью-Йоркто эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө
blinken-cavusoglu.jpg
cavusoglu-tatar-ertugruloglu.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынына катышуу үчүн барган Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Мевлүт Чавушоглу алгач Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар жана тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушту.

Жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Мевлүт Чавушоглу жолугушууларынын алкагында америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен да жолугушту.

Чавушоглу менен Блинкен эки тараптуу жолугушуудан мурда басма сөзгө маалымат беришти.

Министр Чавушоглу жолугушуудан кубанычта экенин белгилеп, эки тараптуу жана аймактык маселелер, өзгөчө эки тараптуу карым-катнаштар, Орусия-Украина согушу, Армения-Азербайжан жана Сирия темаларын талкуулай тургандарын белгиледи.

Блинкен да өз билдирүүсүндө Түркия менен АКШнын НАТОнун шериктеши экенин жана көптөгөн кыйынчылыктарды жеңүү үчүн биргелешип иштешкендерин, бүгүн өзгөчө Орусия-Украина согушун сүйлөшө тургандарын айтты.

Стамбулда кол коюлган дан коридору келишиминин маанисине көңүл бурган Блинкен, бул келишимдин түзүлүүсү жана ишке ашырылышы темасында ыраазычылыгын билдирди.

Билдирүүлөрдөн кийин жабык эшик артында уланган жолугушуу жарым саатка созулду.



Тектеш кабарлар