БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш менен Эмине Эрдоган жакшы ниет декларациясына кол койду

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш жана Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган «Таштандыларды жок кылуу» проектисинин жайылтылышы үчүн жакшы ниет декларациясына кол койду.

1882233
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш менен Эмине Эрдоган жакшы ниет декларациясына кол койду
guterres-emine erdogan1.jpg
guterres-emine erdogan.jpg

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш жана Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган «Таштандыларды жок кылуу» проектисинин жайылтылышы үчүн жакшы ниет декларациясына кол койду.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77 -  жыйынына катышуу үчүн АКШнын Нью  -  Йорк шаарына барган президент Эрдоганды коштогон Эмине Эрдоган БУУнун башкы катчысы Гутерриш менен жолугушту.

Эмине Эрдоган менен Гутерриш БУУнун баш кеңсесинде климаттык кризис менен күрөшүүнүн алкагында «Таштандыларды жок кылуу глобалдык жакшы ниет» декларациясына кол коюшту. Ушунун алкагында Эмине Эрдогандын БУУнун чатыры астында ысырапсыздыкка багытталган иштин дүйнөлүк лидерлигин аткара турганы белгиленди.

Гутерриш Эмине Эрдоган менен жолугушуусунда жол башчылык кылган таштандыларды жок кылуу тууралуу аткарган иштерине ыраазычылык билдирип : «Коомдор ашыкча таштанды чыгара башташты. Таштандылар азыркы күндө турмуштук маселе. Сиздин  бул тармактагы «Таштандыларды жок кылуу» проектиңиз абдан баалуу жана таасирдүү. Ушунун негизинде сиз менен жолугушуудан кубанычтуумун. Үйүңүзгө кош келдиңиз»,- деди.

Гутерриш БУУ күрөшкөн негизги маселелердин арасында орун алган экологиялык проектинин негизинде БУУга кирген өлкөлөргө Түркиянын  таштандыларды жок кылуу проектисинин глобалдык машстабда жайылтууга чакырды.

Антонио Гутерриш  : «Таштанды маселеси ошол эле учурда адилеттик жана теңдик маселеси. Турмушка ашырган проектиңиз  бул мааниде дүйнөдө теңдик жана адилеттикти түзүүнү да максат кылганы үчүн мааниге ээ болууда. Сизди чын көңүлдөн колдоймун»,- деди.



Тектеш кабарлар