Эрдоган: «Интеграция өз маданиятын жана баалуулуктарын коргоо аркылуу катышуу болуп саналат»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Эрдоган, Туркевиде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

1881583
Эрдоган: «Интеграция  өз маданиятын жана баалуулуктарын коргоо аркылуу катышуу болуп саналат»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Эрдоган, Туркевиде бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Эрдоган андан кийин Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед Манфини кабыл алды.

Кабыл алуу басма сөзгө жабык өткөрүлдү.

Эрдоган андан кийин Рокфеллер Плазада уюштурулган түрк-америкалык улуттук башкаруу комитетинин (TASC) кечки тамагында сөз сүйлөдү.

Ассимиляцияга канчалык каршы болсок, интеграцияны ошончолук күчтүү колдой тургандарын белгилеген президент Эрдоган:«Биздин гармония жана интеграция жөнүндөгү түшүнүгүбүз жарандарыбыздын өздөрүнүн маданиятын жана баалуулуктарын коргоо жана интеграциялоо аркылуу алар жашаган коомдордун жашоосуна жигердүү катышуу болуп саналат»,-деди.

«ПКК/ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨгө чейин террор уюмдарына каршы күрөштү чечкиндүү түрдө улантып жатабыз. Террордун кара көлөкөсүн аймагыбыздан сөзсүз жок кылабыз»,-деп айтты.

 Эрдоган:«Америкалык досторубуздан ПКК-ЙПГ жана ФЕТӨ менен күрөшүүбүздө союздаштык рухуна ылайыктуу түрдө кызматташуусун күтөбүз. ФЕТӨнүн корбашчысын жана уюм мүчөлөрүн Түркияга алып келүү үчүн Америка бийлиги багытындагы аракетибизди кылдаттык менен аткарып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар