Эрдоган Арменияны провокацияларын токтотуп нормалдашууга чакырды

Президент Эрдоган Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин АКШга барганда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1881219
Эрдоган Арменияны провокацияларын токтотуп нормалдашууга чакырды
erdoğan abd 2.jpg
erdoğan abd 1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган акыркы күндөрү Азербайжанга каршы кол салууларын көбөйткөн Арменияга «чагымчылдыкты токтотуу» чакырыгын жасады.

Президент Эрдоган Өзбекстанга жасаган сапарынан кийин АКШга барганда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Армениянын Азербайжанга каршы кол салууларын кайра баштаганы жана Шуша келишимине ылайык Түркиянын аймакка аскер бөлүгүн жиберүүсү боюнча маселе барбы?- деген суроого президент Эрдоган мындай деп жооп берди:"Азербайжан Армениянын провокацияларына жооп кылып, баштаган операциясын аягына чыгарганын айтууда. Эми операцияны аяктаган соң, азыр бул тууралуу толкундоолордун кереги жок",-деди.

Эрдоган:"Армениянын Азербайжанга каршы провокацияларынан баш тартуусу жана мурда алган милдеттенмелерине ылайык иш алып баруу менен мүмкүн болушунча тезирээк тынчтыкка жана кызматташтыкка көңүл буруусу маанилүү. Биздин тилегибиз - аймагыбызда жүргүзүлүп жаткан нормалдашуу процесстерин ийгиликтүү жыйынтыктоо жана аймактык коопсуздуктун,тынчтык жана стабилдүүлүктүн түбөлүктүү камсыз кылынышы»,-деди.

Карабахтын жеринин бүтүндүгүнүн аймактагы бардык өлкөлөр тарабынан колдоого алынышы керектигин баса белгилеген Эрдоган, Зенгилан аэропортун 20-октябрда ача тургандарын да билдирди.

Түркиянын дан коридору темасында Орусия жана Украина менен да байланышта экенин белгилеген президент Эрдоган:"Дан коридору азыраак өнүккөн өлкөлөр үчүн иштеши керек, биз бул тууралуу (Орусиянын президенти Владимир) Путин менен сүйлөштүк. Биз муну кийинки процессте улантабыз",-деп айтты.



Тектеш кабарлар