Түркия Кыргызстан - Тажикстан чек арасындагы абалдын тынчсыздандыруучу экендигин билдирди
Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Түркия Кыргызстан - Тажикстан чек арасындагы акыркы абалдардын тынчсыздандыруучу экендигин жана маселенин диалог аркылуу чечилишин каалагандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан эки өлкөнүн чек арасындагы кагылышуулар тууралуу жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө: "Кыргызстан - Тажикстан чек арасындагы акыркы абалдарга тынчсыздануудабыз",- деп билдирилди.
Маалыматта : "Дос жана боордош эки өлкөнүн ортосундагы бул чыңалуунун курчуп кетишине мүмкүнчүлүк бербестен ылдам түрдө акырына чыгарылышын жана маселенин диалог жолу менен чечилишин каалайбыз",- деп билдирилди.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара келишпестигинин айынан аймакта жер, сугат, жайыт, аткезчилик, жолдорду биргеликте колдонуу жана чек арадан уруксатсыз өтүү сыяктуу себептерден кагылышуулар чыгууда.
Кыргызстан 2021 - жыл 21 - майдан тарта чек ара маселеси чечилгенге чейин Тажикстан менен бажы капкаларын жапкан.