Шентоп Кишиневдогу жолугушууларынан кийин Комратка барды

Шентопту мекендештер түрк желектери менен тосуп алышты.

1880967
Шентоп Кишиневдогу жолугушууларынан кийин Комратка барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Молдованын борбор шаары Кишиневдогу жолугушууларынан кийин Гагауз автономиялуу аймагынын борбору Комратка барды.

Комратта Шентопту Гагауз автономиялуу жеринин аткаруу кеңешинин имаратынын алдында Гагауз автономиялуу аймагынын башчысы Ирина Влах, Гагауз автономиялуу аймагынын парламент спикери Димитри Константинов жана мекендештер түрк желектери менен тосуп алышты.

Шентоп кубанычтуу тосуп алган окуучулардын жанына барып эстеликке фотосүрөткө түштү.

Кабыл алууда салт боюнча Шентопко туз жана нан тартууланды.

Парламенттин төрагасы Шентоп жергиликтүү элдик бий тобунун концертинен кийин Гагауз автономиялуу аймагынын башчысы Влах жана Гагауз автономиялуу аймагынын парламент спикери Константинов менен жолугушту.



Тектеш кабарлар