Өзбекстанга барган Президент Эрдоган көчөт отургузду
Андан кийин Президент Эрдоган башка лидерлер менен бирге шаардын «Түбөлүк шаар» деп аталган жаңы курулган бөлүгүн кыдырды.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга барган президент Режеп Таййип Эрдоган башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеедин чакыруусу менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Самаркандга атайын конок катары барган Эрдоган, программасынын алкагында саммит өтө турган конгресс борборуна барды.
Эрдоган башка лидерлер менен бирге бул жердеги бак отургузуу аземине катышты.
Андан кийин Президент Эрдоган башка лидерлер менен бирге шаардын «Түбөлүк шаар» деп аталган жаңы курулган бөлүгүн кыдырды.
Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин, Ирандын президенти Ибрагим Реиси, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман, Беларустун президенти Александр Лукашенко жана башка лидерлер менен маектешти.