Хаккариде «Эрен блокада-37 операциясы» башталды

Операцияга 610 коопсуздук кызматкери катышууда.

1880285
Хаккариде «Эрен блокада-37 операциясы» башталды

Хаккаринин Казан өрөөнү жана Хан жайлоосунун аймагында жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен блокада-37 операциясы» башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана террористтерди таасирсиз кылуу максатында Хаккаринин Казан өрөөнүндөгү Хан жайлоосунун аймагында «Эрен блокада-37» операциясы башталды.

610 коопсуздук кызматкери катышкан операциянын биринчи күнүндө Чукуржа районунун Казан өрөөнү менен Хан жайлоосунун элет жеринде террордук уюмдун негизги курал жана ок-дары кампасы табылды.

Башкы кампада жана 1 баш калкалоочу жайда жүргүзүлгөн издөөдө; көп сандаган гранаталар, курал-жарактар, алардын ок-дарылары жана тиричилик буюмдары колго түшүрүлдү.

Операцияда үңкүр, баш калкалоочу жай жана кампа талкаланып, жараксыз абалга келтирилди.



Тектеш кабарлар