Террор менен күрөшүүнүн алкагында MITтин операциясы...

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MIT жикчил террордук уюм ПККнын эң маанилүү базаларынын бири болгон Махмур лагерине операция жүргүздү.

1879723
Террор менен күрөшүүнүн алкагында MITтин операциясы...

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) жикчил террордук уюм ПККнын Ирактын түндүгүндөгү Махмур лагерине карата жүргүзгөн операциясынын натыйжасында «Шахан/Жихан» каймана аттуу Хатип Гүней жана Сирия жараны «Текошин Камышлы/Чиван» каймана аттуу Ая Ахмет Сүлейманды кармап Түркияга алып келди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MIT жикчил террордук уюм ПККнын эң маанилүү базаларынын бири болгон Махмур лагерине операция жүргүздү.

Операцияда кармалган террористтер Гүней менен Сүлейман Түркияга алып келинди.

2019-жылдын сентябрь айында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын элет жериндеги курамына кошулуу үчүн Вандын Башкале району аркылуу Иранга мыйзамсыз жол менен өткөн Хатип Гүнейдин Иракка барып, машыгуудан өткөнү аныкталды.

Кийинчерээк Махмур лагерине жөнөтүлгөн Гүнейдин идеологиялык жана куралдуу машыгуудан кийин команда командири делген милдетти аткарганы аныкталган.

Террорист Айя Ахмет Сүлейман болсо 2015-жылы жикчил террордук уюм ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ-ЙПЖга кошулганы, 2017-жылы Сириядан Иракка барып, Гарада машыгуудан өткөнү, Авашин-Басян аймагында кыймыл кылганы, андан кийин 2018-жылы Махмур лагерине барганы аныкталды.



Тектеш кабарлар