Чавушоглу журналисттер менен жолугушту

Чавушоглу Түркиянын активдүү тышкы саясатынын негизинде конкреттүү кадамдар ташталганын айтты.

1879873
Чавушоглу журналисттер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун, аймакта тынчтыкка кеткен жолдун Түркия аркылуу өткөнүн дагы бир ирет бардыгына көрсөткөнүн билдирди.

Министр Чавушоглу борбор шаар Анкарада Тышкы иштер министрлигинде дипломатия кабарчылары менен жолугушту.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын акыркы кездеги дипломатиясынын бааланганын белгилеп, алардын арасында дан келишими, Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк арыздарынын алкагындагы Түркиянын жетишкендиктери жана Түрк мамлекеттери уюмунун өнүгүүсү бар экенин айтты.

Түркиянын Ливиядагы кагылышууларды токтотуудагы ролунун батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн бурганын баса белгилеген Чавушоглу: «Бул дагы өлкөбүздүн Ливиядагы ийгилигинин көрсөткүчү»,-деди.

Чавушоглу Орусия-Украина согушунан келип чыккан кыйынчылыктар темасында Түркиянын активдүү тышкы саясатынын негизинде конкреттүү кадамдар ташталганын айтты.

«Украина согушу, дагы бир ирет бардыгына аймакта тынчтыкка кеткен жолдун Түркия аркылуу өткөнүн көрсөттү» деген Чавушоглу: «Бул жагдай Кавказ, Балкан, Жакынкы Чыгыш жана Африка сыяктуу көптөгөн аймактарды да камтыйт», деди.

Министр Чавушоглу Кавказ аймагында Азербайжандын өз жетишкендиктерин тынчтык үстөлүндө бекемдегенин айтып: «Лачын эми Азербайжандын көзөмөлүндө, бирок Армениянын чегинип жатып бир жагынан кыйратып, экинчи жагынан бардык жерине мина коюп жатышы анын жакшы ниеттүү эмес экенин көрсөтүп турат»,-деди.

Ошондой эле Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын ортосунда үч тараптуу механизмди ишке ашырышкандарын белгилеген Чавушоглу, Азербайжан жана Казакстан менен Орто коридорду кайра жандандырууну каалагандарын билдирди.

Түркиянын Африка, Латын Америка жана Азияга кеңейүүсүнө да токтолгон тышкы иштер министри, Түркиянын кең пейилдүү тышкы саясатын улантып жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар