Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Бир тараптан Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан таасирсиз кылынды.

1879515
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук чалгындоо уюмунун (МIТ) Ирактын түндүгүндө 10-12-сентябрда жүргүзгөн операцияларында Гарада 3, Кандилде 1 террорист болуп жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, "Террористтерди казган чуңкурларга көмүүнү улантабыз. Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында ок чыгарган ПКК/ЙПГга мүчө 5 террорист Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз кылынды", деп айтылган.

Бир тараптан Хаккаринин Йүксекова районунда жикчил террордук уюм ПККга карай операцияда ок-дарылар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар