Министр Акар: «Тарыхтан сабак ал, авантюрага барба»

Министр Акар борбор шаар Анкарада Малайзиянын Улуттук күнүн белгилөө сый кечесинен кийин билдирүү жасады.

1879204
Министр Акар: «Тарыхтан сабак ал, авантюрага барба»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Грециянын акыркы провокацияларына катуу жооп кайтарды.

Министр Акар борбор шаар Анкарада Малайзиянын Улуттук күнүн белгилөө сый кечесинен кийин билдирүү жасап: «Биз (Грецияга) тарыхтан сабак алгыла деп айтабыз. Жаңы жоруктарды баштабаңыз. Кээ бирөөлөр сизге бир нерсе айтышы мүмкүн. Тарыхта булар жарамсыз экенин көрдүңүз. Күзгүгө караса, алар чындыкты көрүшөт жана балким уялышат. Мындай ачык эки жүздүүлүк, карасанатайлык жок»,-деди.

Грециянын күчөгөн провокациялык кыймыл-аракеттери жана акырында Эгейде Ро-Ро кемесин аткылоосу боюнча Акар, Түркия менен Грециянын ортосунда кээ бир көйгөйлөр бар экенин, муну баары билгенин айтты.

Түркиянын бул көйгөйлөрдү тынчтык жол жана ыкмалар менен чечүү үчүн чоң аракет жана сабырдуулук кылып жатканын баса белгилеген министр Акар: «Бардык жакшы ниеттүү аракеттерибизге карабастан, тилекке каршы, коңшубуз Греция кандайдыр бир чагымчыл аракеттер жана риторика менен чыңалууну күчөтүүнү улантууда. Буга жол бербөө үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз»,-деди.

Акар Грециянын жээк коопсуздук элементтеринин Эгейде жарандык кемеге ок чыгарганын белгилеп: «Мындан кийин эле Грециядагы саясатчылар Түркияны агрессивдүү деп айыптап жатышат. Бул эки жүздүүлүк эмей эмне? Ошол үчүн биз булардын үйүндө күзгү жокпу дейбиз? Күзгүгө караса, чындыкты көрүшөт, балким уялышат. Мынчалык ачык эки жүздүүлүк же карасанатайлык болмок эмес», - деди.

Аба күчтөрү командирлигинин Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгейде пландуу улуттук жана НАТО иш-чараларынын болуп турганын, эл аралык укук жана өз ара келишимдердин алкагында машыгуу иш-чараларынын пландаганын белгилеген Акар: «Ал тургай, бул иш-аракеттер Орусияда жасалган С-300 абадан коргонуу системалары менен кысымга алынып, радар кулпусу салынып жатат. Бул душмандык, душмандык мамиле. Мунун альянстарга, кошуналарга же мурунку келишимдерге эч кандай тиешеси жок. Алар ушундай иштерди жасап, душмандык мамилени көрсөтүшүүдө. Булар кабыл алынгыс. Бул чоң эки жүздүүлүк жана карасанатайлык. Биз муну маектештерибизге ар бир жолу жазуу жүзүндө жана оозеки түрдө жеткирип турабыз. Биз Түркияга каршы мындай жүрүм-турумдарды байкап,эч бирин жоопсуз калтырбайбыз. Биз муну тынчтык,жакшы коңшулук мамиле, эл аралык укук жана бул маселелер боюнча кызматташууну каалайбыз. Биз Эгей деңизинин тынчтык деңизи болушун каалайбыз, бирок, тилекке каршы, буга жооп таба албай жатабыз»,-деп айтты.

Бир тараптан Грециядагы Лаврион лагери тууралуу Акар: «ФЕТӨ, ПКК/ЙПГ, ДЕАШ, DHKP-Снын мүчөлөрүн Лаврионго жашырып, коноктоп жатышат. Ал жактан ар кайсы өлкөлөргө баруусуна шарт түзүп жатышат. Мунун баары көрүнүп турганда, бул жерде чоң бир кайдыгерлик, эки жүздүүлүк жана карасанатайлык менен андай нерсе жок деп жатышат.  Муну түшүнүү мүмкүн эмес», - деди.



Тектеш кабарлар