Акар Хасанов менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кагылышуудан кийин Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1879375
Акар Хасанов менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Азербайжандын коргоо министри генерал Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы кагылышуудан кийин Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акыркы абал тууралуу маалымат алган Хулуси Акар кагылышууда шейит болгон баатыр азербайжан жоокерлерине Аллахтан ырайым, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилегенин айтты.

Жолугушууда Армениянын агрессивдүү жана чагымчыл мамилесине реакциясын билдирген министр Акар Түркиянын ар дайым боордош Азербайжандын жанында болгонун жана адилеттүү иштеринде анын жанында болоорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар