Лавров: «Киев сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип жатат»

«Россия-1» мамлекеттик каналындагы билдирүүсүндө Лавров Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жетекчилери жана партия лидерлери, парламенттин төмөнкү палатасы менен жолугушуусунда Украинадагы өлкөсүнүн позициясын түшүндүргөнүн айтты.

1878482
Лавров: «Киев сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип жатат»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина менен сүйлөшүүлөрдү четке какпагандарын, бирок Киев аны кечеңдеткен сайын Москва менен келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү кыйындай турганын айтты.

«Россия-1» мамлекеттик каналындагы билдирүүсүндө Лавров Орусиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын жетекчилери жана партия лидерлери, парламенттин төмөнкү палатасы менен жолугушуусунда Украинадагы өлкөсүнүн позициясын түшүндүргөнүн айтты.

Орусиянын Украина менен сүйлөшүүлөрдү четке какпаганын баса белгилеген Лавров: «Путин сүйлөшүүлөрдү четке каккандар бул процессти канчалык кечеңдетсе, биз менен сүйлөшүү ошончолук кыйын болоорун түшүнүшү керек»,-деди.

Киев башкаруучулугунун «Сүйлөшүүлөр Украинанын жеңишинен кийин жана Орусия Украина аймагынан чыккандан кийин гана болушу мүмкүн» деп билдиргенин эске салган Лавров: «Алар бизге өз шарттарын таңуулоо менен сүйлөшүүгө даяр болушат. Бул жагынан алар (Украина) Лондон, Вашингтон, Брюссель тарабынан жигердүү колдого алынып, жада калса эркелетип жатышат. Эгер бул алардын тандоосу болсо, атайын аскердик операциянын алкагында биз Путиндин 2013-жылы койгон максаттарына кантип жетүүнү билебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар