Муштун Малазгирт районунда ПККга каршы «Эрен блокада-36» операциясы башталды

Операцияга 513 кызматкер жана 38 ыкчам топ катышууда.

1878231
Муштун Малазгирт районунда  ПККга каршы «Эрен блокада-36» операциясы башталды

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүндө,"Шейиттерибиздин каны жерде калган жок, калтырбайбыз жана калбайт. Баатыр десанттарыбыз Зайтун бутагы жана Евфрат калканы аймактарында кол салууга даярданган 4 ПКК/ЙПГ террористин таасирсиз кылды. Террористтерди алар өздөрү казган траншеяларда көмүүнү улантабыз»,делди.

Башка жагынан,Муштун Малазгирт районунда жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен блокада-36» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык; ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалоочу катары саналган террористтерди таасирсиз кылуу максатында Муштун Малазгирт районунда «Эрен блокада-36» операциясы башталды.

Операцияга 513 кызматкер жана 38 ыкчам топ катышууда.



Тектеш кабарлар