Эрдоган: «АКШнын Сирия демократиялык күчтөрүнө (SDG) карата таштаган жаңылыш кадамдары уланып жатат»

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1878084
Эрдоган: «АКШнын Сирия демократиялык күчтөрүнө (SDG) карата таштаган жаңылыш кадамдары уланып жатат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сирия демократиялык күчтөрүнө (SDG) карата таштаган жаңылыш кадамдарынын уланып жатканын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК менен машыгуу өткөргөнү тууралуу суроого жооп берген Эрдоган, АКШнын SDGге карата таштаган туура эмес кадамдарынын дагы эле уланып жатканын айтты.

Эрдоган: «Байкасаңыз, Сирия демократиялык күчтөрү деп ат коюшкан, бул камуфляж. АКШ бул террордук уюмдарга ар дайым миңдеген жүк ташуучу техника жана ок-дарыларды жөнөтүп келген жана азыр да жөнөтүп турат. Алар муну Сириядагы коалициялык күчтөр менен гана жасашкан жок. Алар Иракта дагы эле улантып жатышат. Бул колдоодон тышкары, алар билим берүү пунктунда да олуттуу окуу колдоо көрсөтүшөт»,-деп айтты.

Президент АКШ менен F-16 сүйлөшүүлөрүнө да токтолуп: «АКШ бизди бул мамиледе ар кандай жолдорго алып барбайт деп үмүттөнөм. Ар кандай жолдор дегеним АКШ дүйнөдө согуштук учактарды саткан жалгыз өлкө эмес. Аны ар кайсы өлкөлөр да сатышат. Бул үчүн бизге сигнал бергендер да бар»,-деди.



Тектеш кабарлар