Террор менен күрөш уланууда

"Эрен блокадасы-27" операциясынын алкагында эки террорист таасирсиз кылынды.

1877328
Террор менен күрөш уланууда

Шырнакта жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, "Эрен блокадасы-27" операциясынын алкагында Шырнактын Жандармерия Аймактык командирлигинин координациясында Жуди тоосунун Жевиздүзү айыл аймагында кечээ жүргүзүлгөн операцияда 2 террористтин куралдары менен таасирсиз абалга келтирилгени кабарланды.

Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы баса белгиленди.

Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-кулпу" операциясы аймагында да 8 ПКК террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: "Токтобогула, чарчабагыла, күрөшө бергиле. Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланып жаткан "Чеңгел-кулпу" операциясы аймагында 8 ПКК террористи жок кылынды. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз террор уюктарын жок кылууну чечкиндүүлүк менен улантат»,-деп кабарланды. 



Тектеш кабарлар