Түркиядан Греция боюнча дипломатиялык чабуул...

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда 1-сентябрдагы каттарда Грециянын мыйзамсыз аракеттери жана максималисттик талаптарына көңүл бурулду.

1876640
Түркиядан Греция боюнча дипломатиялык чабуул...

Грециянын мыйзамсыз аракеттерине Түркиядан дипломатиялык кадам...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кол коюусу менен Европа Биримдигинин (ЕБ) 25 борбор шаары, ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана БУУнун баш катчысы  Антониу Гутерришке Эгей проблемаларынын чечилишине карата Түркиянын позициясы жана көз караштары түшүндүрүлгөн каттары жөнөтүлдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда 1-сентябрдагы каттарда Грециянын мыйзамсыз аракеттери жана максималисттик талаптарына көңүл бурулду.

Катта Эгей деңизинде бири-бирине тыгыз байланышкан бир катар көйгөйлөр; аймактык суулардын жана улуттук аба мейкиндигинин масштабы, континенттик текче менен аймактык суулардын чектелиши, Чыгыш Эгейдеги аралдардын аскерий эмес статусунун бузулушу, жарактуу эл аралык келишимдер менен эгемендүүлүгү Грецияга берилбеген аралдар, аралчалар жана жарчалар менен SAR, FIR жана NAVTEX сыяктуу тейлөө аймактары бар экени баса белгиленди.

Грециянын Эгейдеги аймактык сууларынын кеңдиги 6 деңиз мили экенине карабастан 10 деңиз миль аба мейкиндигине ээ экенин айтып талашып жатканы баса белгиленген катта, Грециянын дүйнөдө башка эч бир өлкө тарабынан таанылбаган жана бири-бирине дал келбеген аймактык суулары жана аба мейкиндигинин чек аралары менен дүйнөдө эч бир өлкөдө жок жосунга ээ жалгыз өлкө экени баса белгиленет.

Бир тараптан катта Түркиянын Эгей маселелерин эки өлкөнүн негизги укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ара таануу менен эл аралык укуктун алкагында чече ала турганына ишенгени белгиленди.

Катта Түркиянын диалог жана кызматташтыкты жактаган позициясына карабастан Грециянын диалогдон качканы, чыңалууну күчөткөнү жана Европа Биримдигин Эгейдеги көйгөйлөрдүн бир бөлүгү кылганы да белгиленди.



Тектеш кабарлар