"Эрен блокада-31" операциясы
5-сентябрда Нусайбин районунун Өмерян айылында операция жүргүзүлдү.
1877101
"Эрен блокада-31" операциясынын алкагында Мардиндин Нусайбин районунун Өмерян айылындагы атышууда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист курал-жарактары менен таасирсиз кылынды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, "Эрен блокада-31" операциясынын алкагында Мардиндин облустук жандармерия командирлигинин координациясында 5-сентябрда Нусайбин районунун Өмерян айылында операция жүргүзүлдү.
Операцияда чыккан куралдуу кагылышууда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист курал-жарактары менен таасирсиз кылынды.
Аймакта операциялар уланууда.