Акар: «Украина портторунан 2,5 миллион тоннага жакын эгин чыкты»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украина портторунан ушул убакка чейин 2,5 миллион тоннага жакын эгин ташылганын жарыялады.

1876611
Акар: «Украина портторунан 2,5 миллион тоннага жакын эгин чыкты»

Түркиянын демилгелери менен түзүлгөн дан коридору ишин улантууда.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украина портторунан ушул убакка чейин 2,5 миллион тоннага жакын эгин ташылганын жарыялады.

Польшадагы Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкесинин ачылышында сөз сүйлөгөн Акар, жүккө байланыштуу акыркы абалды бөлүштү.

Акар: «Ушул убакка дейре Украинанын портторунан 100гө жакын кеме жана 2,5 миллион тоннага жакын дан чыгарылды. Бул иш эксперттер болжолдогондой дандын баасын төмөндөтүп, азык-түлүк каатчылыгынын алдын алат деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Ушул убакка чейин ийгиликтүү иштеп жаткан дан коридорунун башка тармактарга да чагылышы мүмкүндүгүн айткан Акар: «Ошондой эле бул аракеттер энергетика сыяктуу башка тармактарда да кызматташтыктын үлгүсү боло алат деп ишенебиз. Мындан тышкары, азык-түлүк кризисинин алдын алуу Африкадан Түркияга жана Европанын калган бөлүгүнө качкындардын агымынын да алдын алат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар