Чавушоглу Жеппар жана Кырымоглу менен жолугушту
Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө, Кырымоглу менен Жеппарды тосуп алганын айтты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар жана Крым татар түрк элинин лидери, Украина эл өкүлү Мустафа Абдулжемил Кырымоглу менен жолугушту.
Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө Крымоглу менен Жеппарды тосуп алганын айтып: "Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоону жана Крым татар түрктөрүнүн укуктарын коргоону улантабыз»,-деди.
Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Жеппар да Твиттердеги баракчасынан, Түркияга сапарынын алкагында министр Чавушоглунун жылуу кабыл алуусуна ыраазы болгонун билдирди.
Жеппар президент Режеп Таййип Эрдогандын Крым платформасынын 2-саммитине катышуусун жана Түркиянын Украинанын жеринин бүтүндүгү менен эгемендигине чексиз колдоосун жогору баалагандарын баса белгиледи.