Алтун: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул адилетсиз жана ачык-айкын эмес түзүмү өзгөрүшү керек»

Алтун Германиянын борбор шаары Берлинде  Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартипти кайра курууга карата мамиле» аттуу панелге жөнөткөн видео кайрылуусу менен ачты.

1875470
Алтун: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул адилетсиз жана ачык-айкын эмес түзүмү өзгөрүшү керек»

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кайра түзүлүшү чакырыгын кайталады.

Алтун Германиянын борбор шаары Берлинде  Коммуникация башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартипти кайра курууга карата мамиле» аттуу панелге жөнөткөн видео кайрылуусу менен ачты.

БУУнун негизги максатынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жана коргоо экенин эске салган Алтун, БУУнун өзгөчө Кансыз согуштан кийинки мезгилдеги чоң гуманитардык апааттардын алдын алуу үчүн конкреттүү чечимдерди иштеп чыга албаганын, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо эффективдүү роль ойной албаганын белгиледи.

Алтун : «Өткөндө Босния-Герцеговина, Руанда, Сирия жана Косоводо болгон адамдык трагедиянын алдын алууда алсыз болгон уюм, акыркы убакта Орусиянын Украинага кол салууларында да ушундай эле айласыздык үлгүсүн көрсөттү»,-деди.

Алтун, акыркы 30 жылдагы дүйнөлүк саясаттагы өнүгүүлөр жана күч тең салмактуулугундагы өзгөрүү алдында уюмдун мындан ары стабилдештирүү милдетин аткара албасын белгиледи.

Уюмдун дүйнө тынчтыгына жана ырааттуулугуна коркунуч туудурган окуялардын алдында жетиштүү эффективдүү жана ырааттуу роль ойноодон алыс болушу анын эл аралык коомчулуктун алдындагы ишенимин жана кадыр-баркын төмөндөтүп жатканын белгилеген Фахреттин Алтун: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул адилетсиз жана ачык-айкын эмес түзүмү өзгөрүшү керек. Президентибиздин «Дүйнө бештен чоң» деген чакырыгы азыркы учурда зулумга, адилетсиздикке жана теңсиздикке катуу каршылыкты көрсөтүү. 5 мамлекет тарабынан курулган дүйнөлүк системанын иштешине, глобалдык адилетсиздиктерге каршы туруу болуп саналат»,-деп айтты.

Алтун БУУнун «Адилеттүү дүйнө мүмкүн» чакырыгынын негизинде глобалдык тынчтык, бакубаттык жана адилеттик идеалдарына ылайык кайра түзүлүшү керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар