Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү

Эрдоган менен Путин Мерсиндеги Аккую атомдук станциясынын пландалгандай улануусу үчүн чечкиндүүлүктөрүн дагы бир жолу баса белгилешти.

1875412
Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар дан экспорту жана Украинанын Запорожье атомдук станциясындагы абалдар сыяктуу аймактык маселелер каралды.

Мурдагы СССРдин акыркы мамлекет башчысы Михаил Горбачевдун каза болушуна көңүл айткан президент Эрдоган, Түркия катары Запорожье атомдук станциясында дан келишиминдегидей көмөкчү ролду ойной ала тургандарын айтты.

Эрдоган менен Путин Мерсиндеги Аккую атомдук станциясынын пландалгандай улануусу үчүн чечкиндүүлүктөрүн дагы бир жолу баса белгилешти.

Эки лидер Өзбекстандын Самарканд шаарында 15-16-сентябрда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында жолугушуп күн тартибиндеги башка маселелер менен бирге бул маселелердин бардыгын кеңири талкуулоону макулдашты.



Тектеш кабарлар