Министрлер Сойлу менен Курум Пакистанда

Шахбаз Шариф ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумду кабыл алды.

1875000
Министрлер Сойлу менен Курум Пакистанда
soylu-kurum pakistan'da.jpg
soylu-kurum pakistan'da.jpg
soylu-kurum pakistan'da.jpg

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумду кабыл алды.

Кабыл алууда сөз сүйлөгөн Шариф сел апаатынан жапа чеккен өлкөсүнө Түркиянын колдоо көрсөтүүсүнүн достук жана бир туугандыктын белгиси экенин айтып: «Урматтуу бир тууганым президент Режеп Таййип Эрдоган мырза 27-август күнү апааттан дароо кийин мага телефон чалып, каза болгон миңдеген адамдар үчүн көңүл айтты»,- деди.

Каза тапкандардын 300гө жакынынын балдар экенин билдирген Шахбаз: «Түрк эли ар дайым болгондой эле Пакистан эли менен бирге экенин дагы бир жолу көрсөттү. Апаат болоору менен Түркиядан жардамдар агыла баштады. Булар өкмөттүк жардамдар жана  жарандар тарабынан жөнөтүлгөн жардамдар эле»,-деди.

Ички иштер министри Сойлу да, сел апаатынын биринчи күнүнөн бери абадан жана кургактыктан «бир туугандык көпүрөсүн» кургандарын айтты.

Сойлу бүгүн (Түркияда) 90 миң мечитте окула турган жума намазында Пакистан калкы үчүн дуба кылынарын жана жалпы эл тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн түшүндүрдү.

Экология, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри да: «Түркияда кылганыбыздай эле, ар бир апааттан кийин кандай чара көргөн болсок, дос жана боордош Пакистан эли жана мамлекети үчүн да ошондой түшүнүк менен бүгүн да бул жердебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар