Туристтер үчүн атайын "Стамбул City Card"

Бул долбоор чет элдик конокторго Стамбулду оңой кыдыруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

1874181
Туристтер үчүн атайын "Стамбул City Card"

Дүйнөдөгү эң көп зыярат кылынган 10 шаардын бири болгон Стамбулга келген туристтер үчүн ишке киргизилген "Стамбул City Card" эртеңден баштап эки башка тейлөө варианты менен сатыла баштайт.

Стамбул мэриясынын билдирүүсүнө караганда, шаарды туризмдин борбору кылуу максаты менен башталган долбоор чет элдик конокторго Стамбулду оңой кыдыруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Дүйнөнүн эң маанилүү бизнес жана туризм борборлорунун бири болгон Стамбулду кыдырууну каалаган туристтер үчүн жол көрсөтүүчү багыт жана гид комплектинен турган «Стамбул City Card» бири-биринен өзгөлөнгөн 6 түрдүү дизайн менен шаардан кеткен туристтер үчүн да эстутум картасы болот.

Карта 1 күндөн 15 күнгө чейин чексиз транспортту жана туристтик автобус турун камтыйт. "Стамбул City Card" долбоорлуу билет автоматтары, туристтер көп топтолгон 30дан ашык пунктка жайгаштырылат.

"Стамбул City Card" ээлери, варианттардын бири болгон "Hop on-Hop off" кызматында Стамбулдун эң көп зыярат кылынган жерлерине мэрияга таандык эки кабаттуу автобустар менен бара алышат. Алар каалаган жеринен түшүп, кийинки аялдамада жаңы келген автобус менен 24 саат бою сапарын уланта алышат.

Ал эми экинчи вариантта, тандалган күндөрдүн санына жараша Стамбулда коомдук транспортто чексиз өтүү укугун берген кызматтын түрү сунушталат.

Кызматтардан каалаган варианттарды туристтик картага жүктөсө болот.

Стамбул City Cardга жакынкы келечекте музейлерге кирүү жана шаар каттамдары менен Босфор туру сыяктуу мүмкүнчүлүктөр да кошулмакчы.



Тектеш кабарлар