Түркия Пакистанга жардам көрсөтүүдө

Гуманитардык жардам ташыган бешинчи учак Анкара Этимесгут аэропортунан учуп кетти.

1873672
Түркия Пакистанга жардам көрсөтүүдө

Түркиядан Пакистанга жардам жүктөрүн ташыган бешинчи учак учуп кетти.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Селден жабыркаган дос жана боордош өлкө Пакистанга жардам жеткирүүнү улантып жатабыз. Президентибиз (Режеп Таййип) Эрдогандын көрсөтмөсү менен даярдалган гуманитардык жардам материалдарын ташыган бешинчи учагыбыз да Анкара Этимесгут аэропортунан учуп кетти»,-деп кабарланды.

Ички иштер министрлигинин Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) Пакистанга чатыр жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн «аба көпүрөсү» түзүлгөнүн жарыялап, биринчи этапта 10 миң чатыр, 50 миң азык-түлүк кутусу, 50 миң гигиеналык каражат жана балдардын 10 миң тамак-ашынан турган жардам материалдарынын сел болгон аймакка жөнөтүлгөндүгүн билдирген.

Пакистандын улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттиги, 14-июндан бери уланган муссон жамгырлары себеп болгон сел жана жер көчкүдөн улам 1000ден ашуун кишинин каза тапканын кабарлаган.



Тектеш кабарлар