Гренциянын С-300 ракеталык системасынан түрк учактарына радар кулпусу салынды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан маалымат берилди.

1873084
Гренциянын С-300 ракеталык системасынан түрк учактарына радар кулпусу салынды

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде учкан түрк учактарына Грециянын С-300 абадан коргонуу системасы тарабынан радар кулпусу салынды.

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, Аба күчтөрү командирлигине караштуу F-16 учактары 23-августта Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеринде эл аралык аба мейкиндигинде миссиялык учуулар учурунда Гирит (Крит) аралына жайгаштырылган Грецияга таандык Орусияда жасалган С- 300 абадан коргонуу системасынан радар кулпусун салуу менен кысымга алынган.

Түрк реактивдери кысымга карабастан пландалган миссиясын аткарып, аман-эсен базаларына кайтып келишти.

Грек С-300 абадан коргонуу системасынын бутага байкоо cалуу жана ракета багыттоо радары Родостун батышында 10 миң фут бийиктикте чалгындоо милдетин аткарып жаткан F-16га жерден абага ракета кулпусун салганы, Грециянын аралдагы аталган батареяларды активдүү колдонуп жатканын ачыкка чыгарды.

НАТОго союздаш өлкөнүн согуштук учактарына радар кулпусун салуусунун НАТОнун өз ара аракеттенүү эрежелерине ылайык «душмандык кыймылы» катары кабыл алынганын эске салган коопсуздук булактары, Грециянын союздаштык принциптерине каршы иш кылганын жана батыш өлкөлөрүнүн бул жагынан эки тараптуу саясатты көрсөткөнүнө сереп салышты.

Түркиянын аймактык абадан коргонуу жана коопсуздугун дагы да эффективдүү кылуу үчүн С-400 системасын алгандан кийин кээ бир НАТО өлкөлөрү жана АКШнын көрсөткөн мамилесин эске салган булактар ​​Грециянын сөз болуп жаткан системанын мурунку версиясын 23 жыл мурда алганына көңүл бурушту.

Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу Орусияда жасалган С-300 системасын 1997-1998-жылдары Түркиянын каршылыгынан кийин 1999-жылы Кипрдин ордуна Грециянын Крит аралына жайгаштырган.

Греция 2013-жылы «Ак Бүркүт» машыгуусунда алгачкы сыноосун жасаган болжол менен 80 миль аралыкка уча алган С-300 абадан коргонуу системасында 4 система жана 8 учуруу рампасы бар.



Тектеш кабарлар