Эрдоган Пакистандын премьер-министри менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1873053
Эрдоган Пакистандын премьер-министри менен сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке селден улам боордош Пакистан элине ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Президент Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Эрдоган Пакистанда нөшөрлөп жааган муссон жамгырлары себеп болгон сел апааты үчүн «тезирээк өтүп кетсин» деген тилегин айтты.

Өмүрлөрүн жоготкон пакистандыктарга Аллахтан ырайымын, жаралууларга шыпаасын тилеген Эрдоган, ар дайым болгондой эле боордош Пакистан элине бул кыйын учурда да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар