Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө маалымат берилди.

1873022
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККдан 7 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, «Террорду жок кылуу жана улутубузду бул балээден куткаруу үчүн чечкиндүүбүз. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясында ПККнын 7 террористи жок кылынды. Операцияларыбыз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат»,деген сөздөр орун алды.

Бир тараптан Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) Ирактын түндүгүндө 2 ПКК/КЖК террористин таасирсиз кылганы билдирилди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Ирактын Сулейманийе-Асос аймагында MİT тарабынан уюштурулган операцияда ПКК/КЖКга мүчө 2 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар