Түркиядан Ливанга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Губернатордун орун басары Ибрахим Күчүк узатуу аземиндеги сөзүндө Ливанга жардам кампаниясынын алкагында төртүнчү кеменин жөнөтүлгөнүн белгиледи.

1872024
Түркиядан Ливанга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Түркиядан Ливанга гуманитардык жардам алып бара жаткан 23 жүк ташуучу кеме Мерсинден азем менен узатылды.

Губернатордуктун билдирүүсүнө караганда, президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен AFADдын (Кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруунун төрагалыгы) координациясында даярдалган 511,7 тонна азык-түлүктү ташыган 23 жүк ташуучу унаа «Жакшылык кемесине» жүктөө үчүн Ташужу портуна барды. 

Губернатордун орун басары Ибрахим Күчүк узатуу аземиндеги сөзүндө Ливанга жардам кампаниясынын алкагында төртүнчү кеменин жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Ливандагы элдин муктаждыктарын канааттандырууда кыйынчылыкка дуушар болгондорун белгилеген Күчүк : «Боорукердик сезими жогору болгонТүрк улутунун толеранттуулук жана кайрымдуулугу менен бул жерден жөнөтө турган жардамдын Ливандагы бир туугандарыбыздын муктаждыктарына чечим болушун үмүт кылабыз»,-деп айтты.

 

 



Тектеш кабарлар