Түркия Эфиопиядагы кырдаалга тынчсызданууда

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1872312
Түркия Эфиопиядагы кырдаалга тынчсызданууда

Эфиопияда мурда жарыяланган ок атышпоо келишимине карабастан кагылышуулардын кайрадан башталганы тууралуу кабарларга Түркия кайгы жана тынчсыздануу менен байкоо салганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Эфиопияда Федералдык өкмөт тарабынан 24-мартта жарыяланган мөөнөтсүз гуманитардык ок ​​атышпоого карабастан кагылышуулардын кайрадан башталгандыгы жөнүндөгү кабарларга кайгы жана тынчсыздануу менен байкоо салынганы маалымдалды. 

«Биз тараптарды зомбулукту биротоло токтотуу жана өлкөдө тынчтык менен туруктуулукту орнотуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз. Ушул алкакта ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди дагы бир жолу кайталайбыз» деп айтылган билдирүүдө, Түркиянын Эфиопияда тынчтык, бейпилдик жана ырааттуулукту сактоо аракеттерине колдоо көрсөтүүнү уланта турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар