Чавушоглу: «Түркия менен Израилдин ортосундагы элчилердин өз ара дайындалышы жакынкы күндөрдө болот»

Мевлүт Чавушоглу жеке менчик бир телеканалда күн тартибине баа берди.

1871274
Чавушоглу: «Түркия менен Израилдин ортосундагы элчилердин өз ара дайындалышы жакынкы күндөрдө болот»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Израилдин ортосундагы элчилердин өз ара дайындалышынын жакынкы күндөрдө боло турганын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу жеке менчик бир телеканалда күн тартибине баа берди.

Министр Чавушоглу Сириядагы жарандык согуштун 11 жылдан ашуун убакыттан бери уланып жатканын айтып: «Биз Түркия катары башынан эле эң маанилүү процесстин саясий процесс экенин айтканбыз. Ал процессти караганыбызда бир гана Астана процесси жүрүп жатат. Режим бул жерде саясий чечимге ишенген жок, бирок ушинтип улана турган болсо өлкө бөлүнөт»,- деди.

Министр Чавушоглу Түркия менен Сириянын ортосундагы байланыштар тууралуу, «Чалгындоо уюмдарынын ортосунда диалог бар. (Режимдин тышкы иштер министри менен) Мен кыска жолугушуу өткөрдүм», - деп айтты.

Министр Чавушоглу Түркиянын (Сирия режими менен жолугушуу үчүн) шарттары барбы деген суроого, мындай деп жооп берди: «Диалог үчүн эч кандай шарт болбойт. Сириянын аймактык бүтүндүгү жана саясий бүтүндүгү биз үчүн маанилүү. Адамдардын өз өлкөсүнө аман-эсен кайтып барышы маанилүү, Сирияны кайра куруу маанилүү. Тынчтык болсо, курулуш процесси башталышы мүмкүн».

Чавушоглу, Түркия менен Израилдин ортосундагы өз ара элчилерди дайындоого байланыштуу, «Бул жакынкы күндөрү болот. Биздин долбоорлоо ишибиз бүтүү алдында турат»,-деди.

Түркия менен Израилдин ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуусу Палестина маселесине кандай таасир этээрин баалаган тышкы иштер министри: «Хамас дагы, Палестина тарап дагы Израиль менен мамилебиздин нормалдашуусун каалайт. Израиль менен жакшы мамилебиз Палестина маселесине көз карашыбыз өзгөрдү дегенди билдирбейт»,-деп айтты.

Египет менен нормалдашуу процессинин башталганын, бирок жай жүрүп жатканын баса белгилеген Чавушоглу:

«Эч кандай терс жактары жок. Ал кандайдыр бир ылдамдыкка ээ болушу керек. Биз Египет менен Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери менен бирдей ылдамдыкты көрө элекпиз»,-деди.



Тектеш кабарлар