Террор менен күрөшүү уланып жатат

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1870406
Террор менен күрөшүү уланып жатат
terörle mücadele.jpg
terörle mücadele.jpg

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын аскердик билим берүүчүсү делген Хебат Дерик академиясынын жетекчиси Михеддин Гулону таасирсиз кылды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Сириянын түндүгүндөгү Хасекеде жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтерге идеологиялык жана куралдуу билим берилген «Хебат Дерик» академиясынын директорлорунун бири делген террорист Михеддин Гуло Камышлыда 9-августта MİT тарабынан жүргүзүлгөн операцияда зыянсыздандырылды.

Гулонун түрк коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн кыймылдардын пландалышында активдүү роль аткарганы, ошондой эле Сириянын улуттук армиясына каршы «Тынчтык булагы» жана «Зайтун бутагы» операцияларында террордук уюм катарында кыймылын жүргүзгөнү аныкталды.

«Хебат Дерик» аты менен курал колдонуу, бомба жасоо жана киши өлтүрүү боюнча билим берген жалган академиянын директорлорунун бири делген Гулонун уюм мүчөлөрүнө Түркиянын өлкө ичиндеги жана Сириядагы аскердик бөлүктөрүнө каршы кыймыл жүргүзүүгө үйрөткөнү да белгиленди.

Бир тараптан, Ирактын түндүгүндөгү  «Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагында 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө,« «Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагында аныкталган эки ПКК террористи жок кылынды. Террор менен күрөшүбүз өжөрлүк жана чечкиндүүлүк менен уланат»,делди.

Буга кошумчаласак, Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинде жасалган билдирүүдө,«Түрк куралдуу күчтөрү кол салууга даярданган террористтерди аныкталган жерде таасирсиз кылууну улантууда. Ушул алкакта Тынчтык булагы аймагындагы 2 ПКК/ЙПГ террористи ок атууну колдоо техникалары менен атып жок кылынды»,делди.



Тектеш кабарлар