Le Figaro:«Эрдогандын дипломатиясы Түркияны эл аралык аренада кантип алмаштырылгыс кылды?»

Le Figaro гезитиндеги макалада Түркиянын Орусия-Украина согушундагы ортомчулук ролуна байланыштуу макала орун алган.

1870499
Le Figaro:«Эрдогандын дипломатиясы Түркияны эл аралык аренада кантип алмаштырылгыс кылды?»

Франциянын Le Figaro гезитинде Түркиянын Орусия-Украина согушундагы ортомчулук ролу, «Эрдогандын дипломатиясы Түркияны эл аралык аренада кантип алмаштырылгыс кылды?» деген макаласында талкууланган.

Le Figaro гезитиндеги макалада Түркиянын Орусия-Украина согушундагы ортомчулук ролуна байланыштуу,«Бул чыныгы дипломатиялык жетишкендик дүйнөдөгү эң чоң 6-элчилик тармагына ээ болгон Түркиянын дагы тынчтыкчыл жана абдан активдүү тышкы саясатын көрсөтөт»,-деп айтыган.

Жакынкы убактагы президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги түрк тышкы саясатынын активдүү позициясы Le Figaro гезитинде «Эрдогандын дипломатиясы Түркияны эл аралык аренада кантип алмаштырылгыс кылды?» деген макалада талкууланган.

Макалада Украинадагы жаңжал Түркиянын тышкы саясатынын кайра позициясын баса белгилеп, Чыгыш, Батыш жана Араб дүйнөсүндө жогору бааланганы белгиленген.

Макалада Түркиянын Орусия-Украина согушунун бүтүшү үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөнү, согушуп жаткан тараптардын макулдашуусунун натыйжасында жана Бириккен Улуттар Уюму аркылуу Түркиянын июлдун аягында дан экспортунун кайрадан башталышына шарт түзгөнү белгиленди.

Макалада президент Эрдоган бейшемби күнү Украинада Владимир Зеленский менен жылуу кол алышып учурашканы, аз убакыт мурун Орусияда Владимир Путин менен төрт саатка созулган узак жолугушуусу болгону айтылат.

Le Figaro гезитиндеги макалада Түркия менен Израилдин ортосундагы көп жылдык таарынычтан кийин карым-катнаштардын кайра калыбына келтирилгени, Түркиянын Иран, Ливия, Сирия же Украина темасында да алмаштырылгыс жана көп учурда сүйлөшө турган өлкөгө айланганы белгиленген.

«Толугу менен нормалдаштыруу дипломатиясынын жемишин бергенине» көңүл бурулган макалада Эрдогандын Түркия менен Армениянын нормалдашуу процессине байланыштуу демилгелерди колго алганы да белгиленген.

«Орток чек аралары дээрлик 30 жылдан бери жабык турган эки өлкө акыркы айларда нормалдашуу багытында кадамдарды таштады. Армян тараптан түрк продукцияларына киргизилген эмбарго жоюлуп, жаңы диалог үчүн атайын өкүлдөр дайындалды»,- деп айтылган.

Макалада төмөнкү сөздөр камтылган: «Эрдоган Түркияны Батыш менен Орусиянын ортосундагы борбордук аянтча катары куруп жатат, өзгөчө газ жагынан, анткени ал Украинанын өнөктөштөрү киргизген экономикалык санкциялардын эч бирин киргизбейт. Эрдоган менен Путиндин 5-августтагы Сочидеги жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы «соода алакалары бекемделе турганы» бүгүнкү күнгө чейинки «достуктун» акыркы белгиси катары жарыяланды».

Түркиянын араб өлкөлөрү менен кайрадан нормалдашуу процессине киргени белгиленген макалада, «Түркиянын өзгөчө Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиясы менен чыгыш канаттагы бардык чөйрөсү менен карым-катнаштарын нормалдаштыруусу ийгиликтүү болду»,-деп баа берилген.



Тектеш кабарлар