Түркия - Украина келишими

Келишим менен эки өлкөнүн ортосунда Украинаны калыбына келтиүү үчүн ыкчам топ түзүлөт.

1869861
Түркия  -  Украина келишими

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки бир күндүк Украина иш сапарында президент Владимир Зеленский менен Эрдогандын алдында согуштан улам бул өлкөнүн талкаланган инфраструктурасын кайрадан куруу максатында келишимге кол коюлду. 

Президент Эрдоган жана Зеленский  кечээ Поточоки сарайында эки тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Ушунун негизинде согуштан улам Украинанын талкаланган инфраструктурасынын кайрадан курулушу үчүн Түркия жана Украинанын ортосунда түзүлгөн келишимге Украинан инфраструктура министри Александр Курбаков менен соода министри Мехмет Муш тарабынан кол коюлду. 

Келишим менен эки өлкөнүн ортосунда Украинаны калыбына келтиүү үчүн ыкчам топ түзүлөт.

Ыкчам топ менен Украинада жолдор, көпүрөлөр, суу жана электр инфраструктурасы, оорукана, мектеп сыяктуу социалдык жана экономикалык маанси бар курулуштардын кайрадан курулушу үчүн координацияланат.

 

 

 



Тектеш кабарлар