Эрдоган Украинадан кайтуусунда маалымат берди

Президент Эрдоган кечээ Украинага жасаган бир күндүк сапарынан кийин Түркияга кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп  берди.

1870058
Эрдоган Украинадан кайтуусунда маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирия  менен  мындан ары таштай турган кадамдарды тактоо керектигин баса белгилеп : "Дипломатияны эч качан жок деп эсептей албайсыңар",- деди. 

Президент Эрдоган кечээ Украинага жасаган бир күндүк сапарынан кийин Түркияга кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп  берди. 

Түркиянын Сириянын түндүгүндө террор менен күрөшүүнү Россия менен бирге  жүргүзүп жаткандыгын белгилеген Эрдоган : "Террорго каршы күрөштүн бир бөлүгүн орустар менен бирге жүргүзсөк, бир бөлүгүн өз аскерлерибиз жана коопсуздук күчтөрүбүз менен жүргүзүп жатабыз»,-деди. 

Террорду Сирияда колдогон АКШ жана коалиция күчтөрү экендигин баса белгилеген Эрдоган : "Муну аесуз түрдө аткарышты жана азыр да аткарып жатышат",- деди. 

Президент Эрдоган : "Биз айткан "бир түнү күтүлбөгөн жерден киришибиз мүмкүн" деген сөзүбүз бекер эмес. Убакты сааты келгенде бул аткарылат. Бирок муну айтуу керек ;  Түркиядан эч ким ушундай нерсеге даярсыңбы деп сурабасын. Биз бул иштердин баарына даярбыз. Даяр болгонубуздай эле  эмне керек болсо муну аткара ала турган күтөбүз",- деди. 

 

АКШнын Ирактагы террористтерге да колдоо көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган : "Эгерде бүгүн Иракта баш  - аламандык бар болсо анын артында тилекке каршы АКШ бар. Террордук уюмдардын алдыңкылары менен  Ак үйдө жолугушууга чейин барышууда. Биз булардын баарын билебиз",- деди. 

Түркиянын Сириянын жеринде көзү жок экендигин белгилеген президент : "Биздин Асадды жеңүү же жок кылуу сыяктуу маселебиз жок. Сирия калкы биздин боордошторубуз. Алардын жеринин бүтүндүгү биз үчүн мааниге ээ. Режим муну түшүнүшү керек",- деди. 

 

Мамлекеттер ортосундагы саясий диалог же дипломатия эч качан үзгүлтүккө учурабай турганын белгилеген президент : "Мындай диалогдор ар дайым бар, болушу керек",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар