Эгей деңизинде 7 айда 11 миңден ашуун мигрант куткарылды

Түркиянын Жээк коопсуздук топтору мыйзамсыз миграцияны алдын алуу жана деңизде калгандарды куткаруу иштерин улантууда.

1870037
Эгей деңизинде 7 айда 11 миңден ашуун мигрант куткарылды

Эгей деңизинде 7 айда 11 миң 111 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Түркиянын Жээк коопсуздук топтору мыйзамсыз миграцияны алдын алуу жана деңизде калгандарды куткаруу иштерин улантууда.

Түрк жээк коопсуздук топтору чоң үмүт менен жолго чыгып, деңизде грек элементтерине кармалып,  куткаруучу жилеттери алынып, түрк жээк сууларына сүрүлгөн мыйзамсыз мигранттардын акыркы үмүтү түрк жээк коопсуздук  топтору болууда.

Жээк коопсуздук командирлигинин веб сайтынан алынган маалыматка караганда, топтор 2022-жылдын 1-январынан 31-июлуна чейин Чанаккале, Балыкесир, Измир жээктеринде грек элементтери тарабынан артка сүрүлгөндүгү аныкталган 9973 мыйзамсыз мигрантты куткарган.

Бул жылы 7 айда эң көп артка сүрүүү окуясы 1933  мигрант менен июль айында аныкталды.

Кайыктарын суу каптап деңизде өлүм менен бетме - бет келген жана жардамга чакырган 1138 мыйзамсыз мигрант да  Жээк коопсуздук топтору тарабынан жээкке чыгарылды.

ТОптор 7 айда 7 мигранттын сөөгүн чыгарды. 

 



Тектеш кабарлар