УКК: «Украинанын портторунан 622 миң тоннадан ашык дан эгиндери ташылды»

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги (УКК) жазуу түрүндө маалымат бөлүштү.

1869735
УКК: «Украинанын портторунан 622 миң тоннадан ашык дан эгиндери ташылды»

Улуттук коргоо министрлиги (УКК) 17 күндүн ичинде Украинанын портторунан 622 миң тоннадан ашык эгин жөнөтүлгөнүн билдирди.

УККнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын катуу аракетинин натыйжасында дан кризисин чечүү үчүн биринчи кадам 22-июлда президент Режеп Таййип Эрдогандын карамагында кол коюлган «Украина портторунан дан жана азык-түлүктүн коопсуз ташылуусу» документи менен ташталганы эске салынды.

Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кол коюлган келишимден кийин Улуттук коргоо министри Хулуси Акар дан ташууну пландай турган Биргелешкен координациялык борбордун (БKБ) Стамбулдагы кеңсесин ачып, БКБнын координациялоосу астында дан кемелеринин үзгүлтүксүз ташуусу уланып жатканын билдирди.

Билдирүүдө келишимден кийин жүк ташууну баштаган биринчи кеменин 1-августта Украинанын Одесса портунан чыккан Сьерра-Леоне желектүү Разони болгонуна көңүл бурулуп: «Ливанга баруу үчүн 27 миң тонна жүгөрү менен Стамбулдун түндүгүнө келген кеме, Биргелешкен координациялык борбордун текшерүүсүнөн кийин багытын улантты. Разони аттуу кемеден кийин Навистар, Рожен, Поларнет, Мустафа Нежати, Star Helena, Glory, Riva Wind, Sacura, Arizona, Ocean Lion, Rahmi Yağcı сыяктуу кемелер улантты. Украина портторунан чыккан же Украина портторуна кеткен ар бир кеме Стамбулдун түндүк жагында кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. 1-августтан бери жалпы 43 кеме дан ташуу боюнча жол тартса, анын 25и Украина портторунан чыккан. Ал эми 18 кеме болсо эгин ташуу учун Украинанын портторуна жонотулду. 17 күндүн ичинде Украинанын портторунан 622 миң тоннадан ашык эгин ташылды».



Тектеш кабарлар