Террор менен күрөшүү уланып жатат

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин (УКК) билдирүүсү жарыяланды.

1869407
Террор менен күрөшүү уланып жатат

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 9 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКК) билдирүүсүндө, «Баатыр Мехметчик (түрк аскери) темир муштуму менен террористтерге сокку уруусун улантууда. Сириянын түндүгүндөгү Тынчтык булагы аймагына кол салууга даярданган 9 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды»,-деп айтылды.

Түрк куралдуу күчтөрү 2019-жылдын 9-октябрынан 25-ноябрына чейин Сириянын түндүгүн (Тел-Абяд жана Рас ал-Айн) «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазалаган.

УККнын башка билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагына кол салууга даярданган ПКК/ЙПГге мүчө 9 террористтин жок кылынганы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар